# 222-статья. Буюм укугунун түшүнүгү жана мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 июля 1999 года № 83 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/246)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263289..1263290>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-222>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-222.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 222-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-222

---

1. Менчик укугу - бул өзүнө тиешелүү мүлккө өзү каалагандай ээлик кылууга, аны пайдаланууга жана тескөөгө субъекттин мыйзам актылары тарабынан таанылуучу жана корголуучу укуктары.

2. Менчик ээси өзүнүн мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана башкаруу укугу берилет.

Ээлик укугу мүлккө иш жүзүндө ээлик кылуунун юридикалык камсыз кылынган мүмкүнчүлүгүн билдирет. Пайдалануу укугу мүлктөн анын табигый пайдалуу касиеттерин алуунун, ошондой эле андан пайда алуунун юридикалык жактан камсыз кылынган мүмкүнчүлүгүн билдирет. Пайда киреше, кошумча киреше, түшүм, төл түрүндө жана башка формаларда болушу мүмкүн. Тескөө укугу мүлктүн юридикалык тагдырын аныктоонун юридикалык камсыз кылынган мүмкүнчүлүгүн билдирет.

3. Менчик ээси өзүнө таандык мүлккө карата мыйзамдарга каршы келбеген жана башка жактардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголгон таламдарын бузбаган ар кандай аракеттерди жасоого, анын ичинде өзүнүн мүлкүн башка жактын менчигине ээликтен ажыратып берүүгө, менчик ээси болуп туруп мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө боюнча өзүнүн укугун аларга өткөрүп берүүгө, мүлкүн күрөөгө коюуга жана аны башка ыкмалар менен нарктоого, мүлкүн дагы башкача пайдаланууга укуктуу.

Мыйзамда жүгүртүүгө жол берилген чектерде жерге ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ушул Кодекстин 23-статьясы), эгерде бул башка адамдардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын бузбаса жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбесе, анын менчик ээси тарабынан эркин түрдө жүзөгө ашырылат.

4. Менчик укугуна мөөнөт коюлбайт. Мүлккө менчик укугу ушул Кодексте каралган негиздер боюнча гана мажбурлап токтотулушу мүмкүн.

5. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, менчик ээси ага таандык мүлктү күтүү милдетин алат жана мындай милдетти бир тараптуу тартипте үчүнчү адамга жүктөй албайт.

6. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, менчик ээси мүлктүн кокусунан жок болушунун же кокусунан бузулушунун тобокелин өзүнө алат.

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [221-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-221)  
Кийинки берене: [223-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-223)
