# 221-статья. Доонун эскириши жайылбаган талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 170 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111677)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2017 [Закон КР от 2 августа 2017 года № 170 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111677); 30.07.2015 [Закон КР от 30 июля 2015 года № 206 "О внесении изменения и дополнения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111250); 03.08.2013 [Закон КР от 3 августа 2013 года № 186 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203996); 24.07.2009 [Закон КР от 24 июля 2009 года № 252 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики и Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203200)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263345..1263346>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-221>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-221.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 221-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-221

---

Төмөнкү талаптарга:

1) мыйзамда каралгандан башка учурларда, жеке мүлктүк эмес укуктарды жана башка материалдык эмес байлыктарды коргоо жөнүндөгү талаптарга;

2) салым кошуучулардын банкка салымдарды берүү жөнүндөгү талаптарына;

3) граждандын өмүрүнө же ден-соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү талаптарга доонун эскириши колдонулбайт. Бирок мындай зыяндын ордун толтурууга укук келип чыккан учурдан тартып үч жыл өткөндөн кийин коюлган талаптар доомат коюуга чейинки кеминде үч жыл үчүн канааттандырылат;

4) КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

5) КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

6) мыйзамда белгиленген учурларда;

7) милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарын төлөө тууралуу талаптарына.

8) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган имараттарды, курулмаларды, жер участокторун жана социалдык багыттагы башка объекттерди (билим берүү мекемелери, ооруканалар, балдардын мектепке чейинки билим берүү мекемелери) мыйзамсыз менчиктештирүү жөнүндө, ошондой эле аларды кайтарып алуу же мыйзамсыз менчиктештирүүгө байланыштуу чыгымдардын ордун республикалык же жергиликтүү бюджеттин пайдасына толтуруу жөнүндө талаптарга.

(КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 252, 2013-жылдын 3-августундагы № 186, 2015-жылдын 30-июлундагы № 206, 2017-жылдын 2-августундагы № 170 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [220-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-220)  
Кийинки берене: [222-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-222)
