# 2191-статья. Доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 22.07.2020 [Закон КР от 22 июля 2020 года № 83 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112048)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=23442..27507>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-2191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-2191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 2191-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-2191

---

Бузулган укуктарын коргоо жөнүндө сотко талап койгон жарандардын талаптары боюнча доонун эскирүү мөөнөтү калыбына келтирилиши мүмкүн, ал эми жарандардын бузулган укуктарын коргоо үчүн сотко өз убагында кайрылууга мүмкүн болбогон андан көз каранды эмес себептер бар экенин айкын күбөлөндүргөн жагдайлар болгондо, сот доонун эскирүү мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн себебин жүйөлүү деп тапкан учурларда, бузулган укук сот тарабынан корголууга жатат. Ишкердик ишти жүзөгө ашырган юридикалык жактардын (менчигинин түрүнө карабастан, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын), жарандардын, ошондой эле юридикалык жакты түзүүчүнүн (катышуучунун, акционердин) же анын мүлкүнүн менчик ээсинин бузулган укуктарын коргоо жөнүндө сотко талап койгон башка жактардын талаптары боюнча доонун эскирүү мөөнөтү, ошого тете ишкердик иштин объекттерине карата бузулган буюмдук укуктары, милдеттенмелик жана башка мүлктүк укуктары калыбына келтирилиши мүмкүн, ал эми ушул бөлүктө көрсөтүлгөн жактардын бузулган укуктарын коргоо үчүн сотко өз убагында кайрылууга мүмкүн болбогон андан көз каранды эмес себептер бар экенин айкын күбөлөндүргөн жагдайлар болгондо, сот доонун эскирүү мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн себебин жүйөлүү деп тапкан учурларда, бузулган укук сот тарабынан корголууга жатат. Эгерде доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кетишинин себептери эскирүү мөөнөтүнүн акыркы алты айында орун алса жүйөлүү деп табылышы мүмкүн, ал эми эгерде бул мөөнөт алты айга барабар же алты айдан кем болсо - эскирүү мөөнөтүнүн ичинде жүйөлүү деп табылышы мүмкүн.

Салык карызын өндүрүү боюнча доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен белгиленет.

(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 83 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [219-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-219)  
Кийинки берене: [220-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-220)
