2191-статья. Доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 9-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37
2191-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 2191-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бузулган укуктарын коргоо жөнүндө сотко талап койгон жарандардын талаптары боюнча доонун эскирүү мөөнөтү калыбына келтирилиши мүмкүн, ал эми жарандардын бузулган укуктарын коргоо үчүн сотко өз убагында кайрылууга мүмкүн болбогон андан көз каранды эмес себептер бар экенин айкын күбөлөндүргөн жагдайлар болгондо, сот доонун эскирүү мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн себебин жүйөлүү деп тапкан учурларда, бузулган укук сот тарабынан корголууга жатат. Ишкердик ишти жүзөгө ашырган юридикалык жактардын (менчигинин түрүнө карабастан, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын), жарандардын, ошондой эле юридикалык жакты түзүүчүнүн (катышуучунун, акционердин) же анын мүлкүнүн менчик ээсинин бузулган укуктарын коргоо жөнүндө сотко талап койгон башка жактардын талаптары боюнча доонун эскирүү мөөнөтү, ошого тете ишкердик иштин объекттерине карата бузулган буюмдук укуктары, милдеттенмелик жана башка мүлктүк укуктары калыбына келтирилиши мүмкүн, ал эми ушул бөлүктө көрсөтүлгөн жактардын бузулган укуктарын коргоо үчүн сотко өз убагында кайрылууга мүмкүн болбогон андан көз каранды эмес себептер бар экенин айкын күбөлөндүргөн жагдайлар болгондо, сот доонун эскирүү мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн себебин жүйөлүү деп тапкан учурларда, бузулган укук сот тарабынан корголууга жатат. Эгерде доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кетишинин себептери эскирүү мөөнөтүнүн акыркы алты айында орун алса жүйөлүү деп табылышы мүмкүн, ал эми эгерде бул мөөнөт алты айга барабар же алты айдан кем болсо - эскирүү мөөнөтүнүн ичинде жүйөлүү деп табылышы мүмкүн.
Салык карызын өндүрүү боюнча доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен белгиленет.
(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 83 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2191-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 июля 2020 года № 83 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
12.02.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кем болсо - эскирүү мөөнөтүнүн ичинде жүйөлүү деп табылышы мүмкүн.
кошулду: Салык карызын өндүрүү боюнча доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен белгиленет.
(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 83 алынып салынды: Мыйзамынын кошулду: , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-2191" title="2191-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>