# 217-статья. Доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшүн токтото туруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112561)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263359..1263361>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-217>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-217.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 217-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-217

---

1. Төмөнкү учурларда:

1) эгерде доонун коюлушуна өзгөчө жана ошол жагдайда болтурбай коюуга мүмкүн эмес шарт (жеңилбес күч) тоскоол болсо;

2) эгерде доочу же жоопкер согуш абалына өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында болсо;

3) мыйзамдын негизинде Министрлер Кабинети милдеттенмени аткарууну кийинкиге калтырса (мораторий);

4) тиешелүү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдын колдонулушун токтото туруудан улам доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү токтотула турат.

Граждандын өмүрүнө же ден-соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү доо боюнча доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү ошондой эле граждандын пенсия же пособие дайындоо жөнүндө тиешелүү органга кайрылышына байланыштуу пенсия же пособие дайындалганга же аларды дайындоо четке кагылганга чейин да токтотула турат.

2. Эгерде ушул статьяда көрсөтүлгөн шарттар доонун эскирүү мөөнөтүнүн соңку алты айынын ичинде келип чыкса же сакталып турса, ал эми бул мөөнөт алты айга барабар же алты айдан кем болсо - доонун эскирүү мөөнөтү эскирүү мөөнөтүнүн ичинде токтотула турат.

3. Эскирүүнүн ишин токтото турууга негиз болгон шарттар аяктаган күндөн баштап, анын мөөнөтү улантылат. Мөөнөттүн калган бөлүгү алты айга чейин, ал эми эскирүү мөөнөтү алты айга барабар же алты айдан кем болсо, эскирүү мөөнөтүнө чейин узартылат.

(КР 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [216-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-216)  
Кийинки берене: [218-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-218)
