# 216-статья. Доонун эскирүү мөөнөтүн эсептөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2020 года № 83 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112048)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263346..1263349>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-216>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-216.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 216-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-216

---

1. Доонун эскирүү мөөнөтүн эсептөөнүн тартиби бул Кодексте каралган мөөнөттөрдү эсептөөнүн жалпы эрежелери боюнча аныкталат.

2. Доонун эскирүү мөөнөтү аткаруу мөөнөтү жак өз укугу бузулгандыгы жөнүндө билген же билүүгө тийиш болгон күндөн тартып өтө баштайт. Ушул эрежеден алынып салуулар бул Кодекс жана башка мыйзамдар менен белгиленет.

3. Аткаруу мөөнөтү аныкталган милдеттенмелер боюнча доонун эскирүү мөөнөтү аткаруу мөөнөтү аяктагандан кийин өтө баштайт.

Аткаруу мөөнөтү аныкталбаган же талап кылынуучу учур менен аныкталган милдеттенме боюнча доонун эскирүү мөөнөтү кредитордун милдеттенмени аткаруу жөнүндө талап кылуу укугу пайда болгон учурдан тартып өтө баштайт, ал эми карызкорго мындай талапты аткаруу үчүн жеңилдетилген мөөнөт берилсе, доонун эскириши ошол көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин эсептеле баштайт.

4. Регрессивдүү милдеттенмелер боюнча доонун эскирүү мөөнөтү негизги милдеттенме аткарылган учурдан кийин өтө баштайт.

5. Милдеттенмедеги жактардын алмашуусу доонун эскирүү мөөнөтүнүн жана аны эсептөө тартибинин өзгөрүшүнө алып келбейт.

(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [215-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-215)  
Кийинки берене: [217-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-217)
