# 209-статья. Мезгилдин бир учуру менен аныкталган мөөнөттүн аякташы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-209>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-209.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 209-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-209

---

1. Жылдар менен эсептелүүчү мөөнөт мөөнөттүн акыркы жылынын тиешелүү айында жана күнүндө аяктайт. Жарым жыл менен аныкталган мөөнөткө карата айлар менен эсептелүүчү мөөнөт үчүн белгиленген эрежелер колдонулат.

2. Жылдын кварталдары менен эсептелүүчү мөөнөткө карата айлар менен эсептелүүчү мөөнөт үчүн белгиленген эрежелер колдонулат. Мында квартал үч ай деп алынып, ал эми кварталдар жыл башынан эсептелинет.

3. Айлар менен эсептелүүчү мөөнөт мөөнөттүн акыркы айынын тиешелүү күнүндө аяктайт.

Жарым ай менен аныкталган мөөнөт күндөр менен эсептелүүчү мөөнөт катары каралат жана он беш күнгө барабар болуп саналат. Эгерде айлар менен эсептелүүчү мөөнөттүн аягы тиешелүү күнү жок айга туш келсе, анда мөөнөт мындай айдын акыркы күнү менен бүтөт.

4. Жумалар менен эсептелүүчү мөөнөт мөөнөттүн акыркы жумасынын тиешелүү күнү менен бүтөт.

5. Эгерде мөөнөттүн акыркы күнү иш эмес күнгө туш келсе, анда мөөнөт аяктаган күн катары андан кийинки жакынкы иш күнү эсептелинет.

---

Мурунку берене: [208-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-208)  
Кийинки берене: [210-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-210)
