# 205-статья. Ишенимди өткөрүп берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 8-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 205-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-205

---

1. Ишеним кат берилген жак өзүнө укук берилген аракеттерди жеке өзү жасоого тийиш. Ал, эгерде ишеним кат аркылуу укук алса, же болбосо ишеним катты берген жактын таламдарын коргоо үчүн шартка жараша мындай аракеттерди жасоого мажбур болсо ишенимди башка жакка өткөрүп бере алат.

2. Ишенимди өткөрүп берүү тартибинде берилүүчү ишеним кат ушул Кодекстин 155-статьясында каралгандан башка учурларда нотариуста

күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

3. Ишенимди өткөрүп берүү тартибинде берилүүчү ишеним каттын колдонулушунун мөөнөтү өзү негизденген ишеним каттын колдонуу мөөнөтүнөн ашпайт.

4. Укуктарын башка жакка өткөрүп берген адам бул тууралу ошол ишеним катты берген жакка билдирүүгө жана укуктарды өткөрүп алган жак жөнүндө ага зарыл маалымат берүүгө тийиш. Бул милдеттенменин аткарылбашы укукту өткөрүп алган жактын аракеттери үчүн укуктарын өткөрүп берген жактын өзүнүкүндөй жооп беришине алып келет.

---

Мурунку берене: [204-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-204)  
Кийинки берене: [206-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-206)
