# 203-статья. Ишеним кат. Ишеним каттын мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 8-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-203>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-203.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 203-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-203

---

1. Үчүнчү жактын алдында өкүлчүлүк кылуу үчүн бир жак тарабынан экинчи жакка берилүүчү кат жүзүндөгү укук - ишеним кат катары таанылат.

Өкүлдүк кылууну тапшыруучу ишеним катты тиешелүү үчүнчү жакка бериши мүмкүн.

2. Юридикалык жактын атынан ишеним кат анын жетекчисинин же уюштуруу документтеринде буга укук берилген башка жактын колу коюлуп, ал уюмдун мөөрүн басуу менен берилет.

Мамлекеттик же коммуналдык менчикке негизделген юридикалык жактын атынан акча жана башка мүлк байлыктарын алууга жана берүүгө ишеним катка ал уюмдун башкы (улук) бухгалтери да кол коюуга тийиш.

3. Ишеним каттын колдонуу мөөнөтү үч жылдан ашпайт. Эгерде ишеним катта мөөнөтү көрсөтүлбөсө, анда ал ошол ишеним кат түзүлгөн күндөн баштап бир жыл бою күчүндө болот.

Түзүлгөн күнү көрсөтүлбөгөн ишеним кат жараксыз болуп саналат.

4. Чет өлкөдө колдонууга арналган, колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат ошол ишеним катты берген жак аны жокко чыгарганга чейин күчүн сактайт.

---

Мурунку берене: [202-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-202)  
Кийинки берене: [204-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-204)
