# 202-статья. Коммерциялык өкүлчүлүк

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 8-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-202>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-202.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 202-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-202

---

1. Ишкерлердин атынан ишкерлик чөйрөсүндө келишим түзүүдө өзүн дайыма жана өз алдынча өкүлдүк кылып турган жак коммерциялык өкүл болуп саналат.

2. Бүтүмдө бир эле учурда ар кандай тараптарга коммерциялык өкүлчүлүк болууга бул тараптардын макулдугу менен жана мыйзамда каралган башка учурларда жол берилет. Мында коммерциялык өкүл өзүнө берилген тапшырмаларды ишкердин кадимки камкордугу менен аткарууга милдеттүү.

Эгерде өз ара макулдашууда башкача жолу каралбаса, коммерциялык өкүл келишимдин тараптарынан бирдей үлүштө шартталган сыйлык акыны жана тапшырманы, аткаруу учурунда тарткан чыгымдардын төлөнүшүн талап кылууга укуктуу.

3. Коммерциялык өкүл соода бүтүмдөрү жөнүндө өзүнө белгилүү болгон маалыматты ага берилген тапшырманы аткаргандан кийин да жашыруун сактоого милдеттүү.

4. Ишкердиктин айрым чөйрөлөрүндө коммерциялык өкүлчүлүктүн өзгөчөлүктөрү мыйзамдар менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [201-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-201)  
Кийинки берене: [203-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-203)
