# 200-статья. Өкүлчүлүк

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 8-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 июля 1999 года № 83 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/246)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263289..1263290>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-200>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-200.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 200-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-200

---

1. Ишеним катка, мыйзамдын көрсөтмөсүнө же буга укуктуу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын актысына негизделген ыйгарым укуктун аркасында бир жак (өкүл) тарабынан башка (өкүлдүк кылууну тапшырган) жактын атынан түзүлгөн бүтүм өкүлдүк кылууну тапшыруунун түздөн-түз граждандык укуктарын жана милдеттерин түзөт, өзгөртөт жана токтотот.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүк (чекене соодадагы сатуучу, кассир жана башкалар) иш жүргүзгөн кырдаалдан да келип чыгышы мүмкүн.

2. Бөтөн жактын кызыкчылыгында болгону менен өзүнүн атынан аракеттенген жактар (банкрот болгондогу администраторлор, мурастоодо

керээзди аткаруучу ж.у.с.), ошондой эле келечекте болуучу бүтүмдөргө карата сүйлөшүү жүргүзүүгө укук алган жактар өкүл болуп саналбайт.

3. Өкүл өзүнө карата тапшыруучунун атынан бүтүм түзө албайт. Коммерциялык өкүлчүлүк кылуу учурларын кошпогондо, ал өзү бир эле учурда өкүлү болуп саналган башка жакка карата да бүтүм жасай албайт.

4. Мүнөзүнө өзү аркылуу гана жасалышы мүмкүн болгон бүтүмдү өкүл аркылуу жасоого жол берилбейт.

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [199-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-199)  
Кийинки берене: [201-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-201)
