200-статья. Өкүлчүлүк
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 8-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 21 июля 1999 года № 83
200-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 200-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Ишеним катка, мыйзамдын көрсөтмөсүнө же буга укуктуу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын актысына негизделген ыйгарым укуктун аркасында бир жак (өкүл) тарабынан башка (өкүлдүк кылууну тапшырган) жактын атынан түзүлгөн бүтүм өкүлдүк кылууну тапшыруунун түздөн-түз граждандык укуктарын жана милдеттерин түзөт, өзгөртөт жана токтотот.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүк (чекене соодадагы сатуучу, кассир жана башкалар) иш жүргүзгөн кырдаалдан да келип чыгышы мүмкүн.
2. Бөтөн жактын кызыкчылыгында болгону менен өзүнүн атынан аракеттенген жактар (банкрот болгондогу администраторлор, мурастоодо
керээзди аткаруучу ж.у.с.), ошондой эле келечекте болуучу бүтүмдөргө карата сүйлөшүү жүргүзүүгө укук алган жактар өкүл болуп саналбайт.
3. Өкүл өзүнө карата тапшыруучунун атынан бүтүм түзө албайт. Коммерциялык өкүлчүлүк кылуу учурларын кошпогондо, ал өзү бир эле учурда өкүлү болуп саналган башка жакка карата да бүтүм жасай албайт.
4. Мүнөзүнө өзү аркылуу гана жасалышы мүмкүн болгон бүтүмдү өкүл аркылуу жасоого жол берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
200-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 21 июля 1999 года № 83 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
21.07.1999 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…болгону менен өзүнүн атынан аракеттенген жактар (банкрот болгондогу алынып салынды: конкурстук башкаруучулар, кошулду: администраторлор, мурастоодо
керээзди аткаруучу ж.у.с.), ошондой эле келечекте болуучу … жасалышы мүмкүн болгон бүтүмдү өкүл аркылуу жасоого жол берилбейт.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-200" title="200-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>