# 20-статья. Жеке турмуштун сырын коргоо укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2014 года № 49 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205271)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263333..1263334>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 20-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-20

---

1. Граждан өзүнүн жеке турмушунун сырын: кат жазышуунун почталык, телеграфтык, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, күндөлүк жазуунун, жазмалардын, эскерме жазуулардын, интимдик турмуштун, туулгандыгынын, асырап алуунун сырларын, врачтык же адвокаттык сырларды жана салымдардын сырларын жана д.у.с. сактоону коргоо укугуна ээ.

Жеке турмуштун сырын ачуу мыйзамда белгиленген учурларда гана мүмкүн.

2. Күндөлүктөрдү, жазмаларды, эскерме каттарды жана башкаларды жарыялоого алардын авторунун макулдугу менен, ал эми каттарды анын авторунун жана катты алган адамдын макулдугу менен гана жарыялоого жол берилет. Алардын кимдир-бирөө өлгөн учурда аталган документтер тирүү калган жубайынын жана өлгөн адамдын балдарынын жана башка мурастоочуларынын макулдугу менен, андан кийин анын кийинки тукумдарынын макулдугу менен жарыяланышы мүмкүн.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-21)
