# 196-статья. Жаңылуудан улам түзүлгөн бүтүмдүн жараксыздыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-196>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-196.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 196-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-196

---

1. Жаңылуудан улам түзүлгөн, олуттуу мааниге ээ болгон бүтүм жаңылуудан улам аракеттенген тараптын доосу боюнча сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн.

2. Эгерде бүтүм жаңылуудан улам түзүлгөн катары жараксыз деп табылган болсо, анда ушул Кодекстин 184-статьясынын 2-пунктунда каралган эрежелер колдонулат.

Андан тышкары доосу боюнча бүтүм жараксыз деп таанылган тарап, эгерде жаңылуу экинчи тараптын күнөөсү боюнча келип чыккандыгын далилдей алса, экинчи тараптан ага келтирилген реалдуу зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу. Эгерде ал далилденбесе, доосу боюнча бүтүм жараксыз деп табылган тарап, эгерде жаңылуу жаңылган тарапка байланыштуу болбогон жагдайлар боюнча келип чыкса да, экинчи тарапка анын талабы боюнча ага келтирилген реалдуу зыяндын ордун төлөп берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [195-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-195)  
Кийинки берене: [197-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-197)
