# 1931-статья. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын факсимилдик колтамгасын пайдалануу менен түзүлгөн бүтүмдүн жараксыздыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2017 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам инвалидности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111599)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263341..1263345>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-1931>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-1931.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 1931-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-1931

---

1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын факсимилдик кол коюусун пайдалануу менен түзүлгөн бүтүм мындай адамдын же болбосо бүтүмдүн түзүлүшү кызыкчылыктарын козгогон адамдын арызы боюнча сот тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүм, эгерде ал түзүлгөн учурда факсимилдик кол коюу тигил же бул негиздер боюнча анын ээсинин тескөөсүнөн чыккандыгы далилденсе, жараксыз деп таанылат. Мындан тышкары, мындай бүтүм, эгерде бүтүмдү түзүүгө тартылган үчүнчү адам тарабынан факсимилдик кол коюуну колдонуунун ак ниеттүү эместиги далилденсе, жараксыз деп таанылышы мүмкүн.

3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын факсимилдик кол коюусун пайдалануу менен түзүлгөн бүтүм жараксыз деп таанылган учурда ушул Кодекстин 184-статьясында каралган натыйжалар колдонулат.

(КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [193-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-193)  
Кийинки берене: [194-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-194)
