# 187-статья. Коомдук жана мамлекеттик таламдарга алдын ала карама-каршылык келтирүү максатында жасалган

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 187-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-187

---

бүтүмдөрдүн жараксыздыгы

Коомдук жана мамлекеттик таламдарга алдын ала карама-каршылык келтирүү максатында жасалган бүтүм эч нерсеге татыбас бүтүм. Карама-каршылыктардын негиздери мыйзам тарабынан аныкталат. Эки тараптын тең мындай бүтүмгө ниеттери болуп, эки тараптан тең бүтүм аткарылган учурда, алар алышкан нерселердин бардыгы Кыргыз Республикасынын кирешесине алынат, ал эми бүтүм бир тараптан аткарылган учурда, экинчи тараптан бардык алынган нерсе жана андан биринчи тарапка алынгандын ордун толтуруучу нерсенин бардыгы Кыргыз Республикасынын кирешесине алынат. Тараптардын биринин мындай бүтүмгө ниети болсо, анын бүтүм боюнча алган нерселеринин бардыгы экинчи тарапка кайтарылып берилүүгө тийиш, ал эми экинчи тарап алган же аткарылгандын ордун толтуруу үчүн ага эсептелген нерсе Кыргыз Республикасынын кирешесине алынат.

---

Мурунку берене: [186-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-186)  
Кийинки берене: [188-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-188)
