# 181-статья. Бүтүмдөрдүн нотариаттык формасын жана каттоо жөнүндө талаптарды сактабоонун кесепеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 ноября 2003 года №222 " О внесении изменения и дополнения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1349)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.11.2003 [Закон КР от 15 ноября 2003 года №222 " О внесении изменения и дополнения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1349); 21.07.1999 [Закон КР от 21 июля 1999 года № 83 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/246)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263299..1263300>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-181>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-181.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 181-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-181

---

1. Бүтүмдөрдүн нотариаттык формасы жана бүтүмдөрдөн келип чыгуучу бүтүмдөрдү жана укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө талаптар сакталбаганда, бул анын жараксыз болушуна алып келет. Мындай бүтүм жокко эсе бүтүм деп, ал эми укугу жараксыз деп табылат.

2. Эгерде тараптардын бири нотариаттык күбөлөндүрүүнү талап кылган бүтүмдү толугу менен же жарым-жартылай аткарса, ал эми экинчи тарап бүтүмдү нотариатта жол-жоболоштуруудан четтесе, сот бүтүмдү аткарган тараптын талабы боюнча бүтүмдү жарактуу деп табууга укуктуу. Мындай учурда бүтүмдү андан ары нотариатта жол-жоболоштуруу талап кылынбайт.

3. Эгерде мамлекеттик каттоону талап кылган бүтүм же укук тиешелүү формада жасалса, бирок тараптардын бири аны каттатуудан баш тартса, сот экинчи тараптын талабы боюнча бүтүмдү (укукту) мажбурлап каттоо жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу. Мындай учурда бүтүм (укук) соттун чечимине ылайык катталат.

4. Ушул статьянын 2 жана 3-пункттарында каралгандан башка учурларда, бүтүмдү (укукту) нотариаттык күбөлөндүрүүдөн же мамлекеттик каттоодон негизсиз түрдө баш тарткан тарап экинчи тарапка бүтүм (укук) жасоону кечеңдетүүдөн улам келип чыккан зыяндын ордун толтуруп берүүгө тийиш.

(КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 83, 2003-жылдын 15-ноябрындагы № 222, Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) (Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын, 2003-жылдын 15-ноябрындагы № 222, 2012-жылдын 17-мартындагы № 21 мыйзамынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [180-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-180)  
Кийинки берене: [182-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-182)
