# 18-статья. Граждандын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин же юридикалык жактын ишкердик беделин коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 июня 1999 года № 43 "О внесении изменений в Гражданский Кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/209)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263288..1263289>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 18-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-18

---

1. Граждан өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды, ал эми юридикалык жак өзүнүн ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнү сот аркылуу талап кылууга укуктуу.

Ишке тиешеси бар адамдардын талабы боюнча граждандын ар-намысын жана кадыр-баркын, ишкердик беделин ал өлгөндөн кийин да коргоого жол берилет.

2. Эгерде граждандын ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар, ошондой эле юридикалык жактын ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар массалык маалымат каражаттарында жайылтылса, алар ошол эле массалык маалымат каражаттарында төгүндөлүүгө тийиш.

Эгерде аталган маалыматтар уюмдан чыккан документте камтылса, мындай документ алмаштырылууга же кайра алынууга тийиш. Башка учурларда жокко чыгаруунун тартиби сот тарабынан белгиленет.

3. Массалык маалымат каражаттарында анын укуктарын же мыйзам тарабынан корголгон таламдарын кысымга алган маалыматтар жарыяланган учурда, граждан же юридикалык жак ошол массалык маалымат каражаттарында өзүнүн жообун жарыялоого укуктуу.

4. Эгерде соттун чечими аткарылбаса, сот бузуучуга процессуалдык мыйзамдарда каралган өлчөмдөрдө жана тартипте мамлекеттин кирешесине өндүрүлүүчү айып акы салууга укуктуу. Айып акыны төлөө укук бузуучуну соттун чечиминде каралган аракеттерди аткаруу милдетинен бошотпойт.

5. Өзүнө карата ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар жайылтылган граждан, ошондой эле өзүнө карата ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар жайылтылган юридикалык жак мындай маалыматтарды төгүндөө менен катар алардын жайылтылышынан улам келтирилген зыяндардын жана моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

6. Эгерде граждандын ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды, ошондой эле юридикалык жактын ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды жайылткан адамды аныктоого мүмкүн болбосо, өзүнө карата мындай маалыматтар жайылтылган адам жайылтылган маалыматтарды чындыкка ылайык келбейт деп табуу жөнүндө сотко арыз менен кайрылууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 43 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-19)
