# 172-статья. Бүтүмдөрдүн түшүнүгү жана түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-172>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-172.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 172-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-172

---

1. Граждандардын жана юридикалык жактардын граждандык укуктарды жана милдеттерди орнотууга, өзгөртүүгө же жоюуга багытталган иш-аракеттери бүтүмдөр катары таанылат.

2. Бүтүмдөр бир тараптуу жана эки же көп тараптуу (келишимдер) болушу мүмкүн.

3. Мыйзамга же тараптардын макулдашуусуна ылайык жасоо үчүн бир тараптын эрки зарыл жана жетиштүү болгон бүтүм бир тараптуу бүтүм катары эсептелет.

Бир тараптуу бүтүм аны жасаган жак үчүн милдеттерди жаратат. Ал башка жактар үчүн мыйзам белгилеген учурларда же ушул жактардын макулдашуусунда милдеттерди жарата алат.

4. Келишим түзүү үчүн эки тараптын (эки тараптуу бүтүм) же үч же андан көп тараптын (көп тараптуу бүтүм) макулдашылган эрктеринин билдирилүүсү зарыл.

5. Бир тараптуу бүтүмдөргө милдеттенмелер жөнүндөгү жана келишимдер жөнүндөгү (ушул Кодекстин III бөлүгү) жалпы жоболор, бул бүтүмдүн мыйзамына, табиятына жана маңызына карама-каршы келбегендиктен, колдонулат.

---

Мурунку берене: [171-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-171)  
Кийинки берене: [173-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-173)
