# 170-статья. Кыргыз Республикасынын милдеттенмелер боюнча жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-170>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-170.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 170-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-170

---

1. Мамлекет өзү тарабынан түзүлгөн юридикалык жактарга чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мүлктөн тышкары (мамлекеттик казына, 225-статьянын 2-пункту) өзүнө менчик укугунда таандык болгон мүлккө өз милдеттенмелери боюнча жооп берет.

2. Мамлекет тарабынан түзүлгөн юридикалык жак анын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

3. Мамлекет ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралгандан башка учурларда, өзү түзгөн юридикалык жактардын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

4. Мамлекет өзү түзгөн келишимдин негизинде юридикалык жактын милдеттенмелери боюнча кепилдик (гарантия) берген, же юридикалык жак мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилдик (гарантия) алган учурларда ушул статьянын 2-3-пункттарынын эрежелери колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [169-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-169)  
Кийинки берене: [171-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-171)
