# 169-статья. Кыргыз Республикасынын граждандык укук мамилелерине катышуусунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-169>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-169.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 169-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-169

---

1. Мамлекеттик бийлик органдары мыйзамдарда жана башка актыларда белгиленген, ушул органдардын статусун аныктаган өздөрүнүн компетенциясынын чектеринде мамлекеттин атынан өз иш-аракеттери менен мүлктүк жана мүлктүк эмес өздүк укуктарга жана милдеттерге ээ болушат жана аларды жүзөгө ашырышат, сотто чыга алышат.

2. Мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте мамлекеттин атынан анын атайын тапшырмасы боюнча башка юридикалык жактар жана граждандар чыга алышат.

---

Мурунку берене: [168-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-168)  
Кийинки берене: [170-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-170)
