# 166-статья. Ассоциацияны (союзду) уюштуруунун документтери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 166-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-166

---

1. Ассоциацияны (союзду) уюштуруунун документтери болуп анын мүчөлөрү тарабынан кол коюлган жана алар бекиткен устав саналат.

2. Ассоциацияны уюштуруунун документтери ушул Кодекстин 87-статьясынын 4-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар менен катар ассоциациянын курамы жана аны башкаруучу органдардын компетенциясы жана алардын чечимдерди кабыл алышынын тартиби жөнүндөгү, анын ичинде чечилиши ассоциациянын мүчөлөрүнүн бир добуштан же добуштардын квалификациялуу көпчүлүгү менен кабыл алынуучу маселелер жөнүндөгү жана ассоциация жоюлгандан кийин калган мүлктү бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндөгү шарттарды камтууга тийиш.

---

Мурунку берене: [165-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-165)  
Кийинки берене: [167-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-167)
