# 165-статья. Юридикалык жактардын бирикмелери (ассоциациялар жана союздар)

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-165>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-165.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 165-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-165

---

1. Коммерциялык уюмдар алардын ишкердик аракеттерин координациялоо, ошондой эле жалпы мүлктүк таламдарды көрсөтүү жана коргоо максатында келишим боюнча өз ара коммерциялык эмес бирикмелерди ассоциациялар (союздар) түрүндө түзө алышат.

Эгерде катышуучулардын чечими боюнча ассоциацияга (союзга) ээлик кылуу ишкердигин алып баруу жүктөлсө, мындай ассоциация (союз) ушул Кодексте каралга тартипте чарбалык коомго же шериктештикке кайра түзүлүүгө тийиш. Ишкердикти жүзөгө ашыруу үчүн ассоциациялар (союздар) чарбалык коомдорду түзүүгө же аларга катышууга укуктуу.

2. Коомдук жана башка коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде мекемелер бул уюмдардын ассоциацияларына (союздарына) ыктыярдуулук менен бириге алышат.

Коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясы коммерциялык эмес уюм болуп саналат.

3. Ассоциация юридикалык жак болуп саналат.

Ассоциациянын мүчөлөрү өз алдынчалыгын жана юридикалык жактын укугун сактап калышат.

4. Ассоциация өзүнүн мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт. Ассоциациянын мүчөлөрү анын милдеттенмелери боюнча ассоциацияны уюштуруу документтеринде каралган өлчөмдө жана тартипте субсидиялык жоопкерчиликти алышат.

5. Ассоциациянын фирмалык аталышы анын ишмердигинин негизги предметин жана анын мүчөлөрүнүн негизги предметин "ассоциация" же "союз" деген сөздөрдү камтуу менен көрсөтүлүшү керек.

---

Мурунку берене: [164-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-164)  
Кийинки берене: [166-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-166)
