# 164-статья. Мекемелер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 февраля 2003 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики".](https://aqlex.ai/kg/doc/1163)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263296..1263297>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-164>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-164.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 164-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-164

---

1. Менчик ээси тарабынан башкаруучу, социалдык-маданий же коммерциялык эмес башка функцияларды ишке ашыруу үчүн түзүлгөн жана ал тарабынан толук же жарым-жартылай финансылануучу мамлекеттик же башка уюм мекеме катары таанылат.

2. Мекеменин өзүнө бекитилген укуктары жана ал сатып алган мүлк ушул Кодекстин 231-статьясына ылайык аныкталат.

3. Мамлекеттик жана башка мекемелердин айрым түрлөрүнүн укуктук

жобосу мыйзам тарабынан аныкталат.

4. Мекеме өзүнүн милдеттенмелери боюнча карамагындагы акча кара-

жаттары менен жооп берет. Алар жетишсиз болсо, мекеменин милдеттенмелери боюнча субсидиардык жоопкерчиликти менчик ээси тартат. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 17-февралындагы № 39 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [163-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-163)  
Кийинки берене: [165-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-165)
