# 163-статья. Коомдук фонддун уставын өзгөртүү жана жоюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2016 года № 134 "О внесении изменения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111413)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263340..1263341>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-163>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-163.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 163-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-163

---

1. Эгерде фонддун уставында аны белгиленген тартипте өзгөртүү каралса, анын органдары фонддун уставын өзгөртүшү мүмкүн.

Эгерде фондду уюштурууда анын уставы алдын ала көрүүгө мүмкүн болбогон кесепеттерге дуушарланта тургандай өзгөрүлбөгөн түрүндө сакталса, ал зми устав ыйгарым укук берилгендер тарабынан өзгөртүлбөй тургандыктан, аны өзгөртүү мүмкүнчүлүгү анда каралбаса, өзгөртүү киргизүү укугу фонддун органдарынын, байкоочу кеңештин же фонддун ишмердигине көзөмөл жүргүзүүгө ыйгарым укук алган башка органдын арызы боюнча сотко таандык болот.

2. Фондду жоюу ушул Кодекстин 98-статьясында каралган тартипте жана Мыйзамда каралган учурларда аныкталат.

3. Фонд жоюлган учурда кредиторлордун талаптары канааттандырылгандан кийин калган анын мүлкү уставда каралган максаттарга жумшалат.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [162-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-162)  
Кийинки берене: [164-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-164)
