# 162-статья. Коомдук фонддор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112521)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263358..1263359>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-162>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-162.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 162-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-162

---

1. Социалдык, кайрымдуулук, маданий, билим берүү жана башка коомдук-пайдалуу максаттарды көздөгөн ыктыярдуу мүлк взносторунун негизинде граждандар жана (же) юридикалык жактар тарабынан уюштурулган мүчөлүгү жок коммерциялык эмес уюм коомдук фонд (мындан ары - фонд) катары таанылат.

Аны уюштуруучулар тарабынан фондго берилген мүлк фонддун менчиги болуп саналат. Уюштуруучулар өздөрү түзүшкөн фонддун милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт, ал эми фонд өзүнүн уюштуруучуларынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

2. Фонд мүлктү өзүнүн уставында белгиленген максаттарда пайдаланат. Фонд өзү түзүлгөн максаттарга жетүү үчүн жана ушул максаттарга ылайык келген өндүрүштүк жана башка чарбалык ишмердик менен эмгектенүүгө укуктуу.

3. Фондду башкаруунун тартиби жана анын органдарын түзүүнүн тартиби уюштуруучулар тарабынан бекитилүүчү анын уставы менен аныкталат.

4. Фонддун уставы ушул Кодекстин 87-статьясынын 4-пункттунда көрсөтүлгөн маалыматтар менен катар: "фонд" деген сөздү камтыган фонддун фирмалык аталышын; фонддун максаты жөнүндөгү маалыматтарды; фонддун органдары жөнүндөгү көрсөтмөлөрдү, анын ичинде фонддун ишине кезөмөлдүк жүргүзгөн байкоочу кеңеш жөнүндөгү көрсөтмөлөрдү; фонддун кызмат орундарына адамдарды дайындоонун жана бошотуунун тартиби; ал жоюлган учурда фонддун мүлкүнүн тагдыры жөнүндөгү маалыматтарды камтууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [161-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-161)  
Кийинки берене: [163-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-163)
