# 161-статья. Коомдук бирикмелер жана диний уюмдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 июля 1999 года № 83 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/246)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263289..1263290>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-161>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-161.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 161-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-161

---

1. Рухий жана башка материалдык эмес керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн алардын таламдарынын жалпылыгынын негизинде белгиленген мыйзам тартибинде биригишкен граждандардын ыктыярдуу бирикмелери коомдук бирикмелер жана диний уюмдар катары таанылат. Мыйзамдарда каралган учур-

ларда айрым коомдук бирикмелер үчүн милдеттүү түрдө мүчө болуу белгилениши мүмкүн. Коомдук бирикмелер жана диний уюмдар коммерциялык эмес уюмдар болуп саналат. Алар өздөрү түзүлгөн максаттарына жетишүү жана ушул максаттарга ылайык келген өндүрүштүк жана башка чарбалык ишмердикти гана жүзөгө ашырууга укуктуу.

2. Саясий максаттарды көздөгөн саясий партияларды, коомдук бирикмелерди жана профсоюздарды чет өлкөлүк юридикалык жактар жана граждандар, чет өлкөлүк мамлекеттер жана эл аралык уюмдар тарабынан финансылоого жол берилбейт.

3. Коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын катышуучулары (мүчөлөрү) бул уюмдардын менчигине беришкен мүлккө, анын ичинде мүчөлүк взносторго болгон укуктарын сактап калышпайт. Алар өздөрү мүчө катарында катышкан коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт, ал эми көрсөтүлгөн бирикмелер жана уюмдар өзүнүн мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт.

4. Коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын укуктук жобосу мыйзам тарабынан аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [160-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-160)  
Кийинки берене: [162-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-162)
