# 159-статья. Оперативдүү башкаруу укугуна негизденген мамлекеттик ишкана

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-159>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-159.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 159-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-159

---

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинде болгон мүлктүн базасында өзүнө бекитилген мүлктү оперативдүү башкарууну ишке ашыруучу ишкана түзүлүшү мүмкүн.

2. Оперативдүү башкаруу укугуна негизденген ишкананын фирмалык аталышында ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканасы болуп санала тургандыгы камтылууга тийиш.

3. Ага бекитилген мүлккө болгон ишкананын укугу ушул Кодекстин 231-статьясына ылайык аныкталат.

4. Кыргыз Республикасы оперативдүү башкаруу укугуна негизденген мамлекеттик ишкананын милдеттенмелери боюнча, анын мүлкүнүн жетишсиздигинде, субсидиялык жоопкерчиликти өзүнө алат.

§ 5. Коммерциялык эмес уюмдар

---

Мурунку берене: [158-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-158)  
Кийинки берене: [160-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-160)
