# 152-статья. Кооперативдин түшүнүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2009 года № 23 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203104)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.01.2009 [Закон КР от 23 января 2009 года № 23 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203104); 31.07.2007 [Закон КР от 31 июля 2007 года №121 " О внесении изменений и дополнения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202154); 11.03.2004 [Закон КР от 11 марта 2004 года № 20 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1405); 21.07.1999 [Закон КР от 21 июля 1999 года № 83 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/246)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263311..1263312>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-152>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 152-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-152

---

Кооператив - граждандардын жана юридикалык жактардын мүчөлүгүнүн, уставда каралган биргелешкен чарбалык жана башка ишти демократиялык башталыштарда уюштуруу аркылуу жана анын мүчөлөрүнүн пайлык мүчөлүк акыларын бириктирүүнүн негизинде, өздөрүнүн материалдык жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу максатын көздөгөн ыктыярдуу бирикме. Кооперативдер юридикалык жактар болуп эсептелет жана коммерциялык же коммерциялык эмес уюмдар формасында түзүлүшү мүмкүн. Кооперативдердин укуктук абалы, ошондой эле алардын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан аныкталат. Турак жай жана турак жай-курулуш кооперативдеринин мүчөлөрүнүн алар турак жайга менчиктик укугун алгандан кийинки укуктары менен милдеттери ушул Кодекс жана "Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө", "Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана алар менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Кредиттөө жана башка банктык операциялар боюнча ишти жүзөгө ашыруучу финансылык кооперативдердин (кредиттик союздардын) укуктук абалы кредиттик союздар жөнүндө мыйзамдарда белгиленет. (Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын, 2004-жылдын 11-мартындагы № 20 , 2007-жылдын 31-июлундагы № 121, 2009-жылдын 23-январындагы № 23 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [151-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-151)  
Кийинки берене: [153-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-153)
