# 151-статья. Көз каранды чарбалык коом

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 марта 2003 года №65 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1189)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263298..1263299>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 151-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-151

---

1. Эгерде катышып жаткан башка коомдо анын добуш берүүчү акцияларынын жыйырма процентинен ашыгы болсо, чарбалык коом көз каранды деп таанылат.

Көз каранды чарбалык коом юридикалык жак болуп саналат.

2. Катышуучу коом мыйзамда каралган тартипте өзү көз каранды коомдун акцияларындагы тийиштүү бөлүгүн сатып алгандыгы женүндөгү маалыматтарды тез арада жарыялоого милдеттүү.

3. Акционердик коомдордун айрым түрлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алар башка чарбалык шериктиктерден жана коомдордон сатып алуучу акциялардын (үлүштөрдүн) эң жогорку саны белгилениши мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 65 мыйзамынын редакциясына ылайык) § 3. Өндүрүштүк кооперативдер

---

Мурунку берене: [150-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-150)  
Кийинки берене: [152-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-152)
