# 150-статья. Туунду чарбалык коом

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 марта 2003 года №65 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1189)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263298..1263299>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 150-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-150

---

1. Эгерде башка чарбалык (негизги) коом же шериктештик өзүнүн капиталындагы күчү басымдуулук кылса, же алардын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык келсе, же башка жолдор менен мындай коом кабыл алуучу чечимдерди аныктоого мүмкүнчүлүгү болсо, ал чарбалык коом туунду деп таанылат.

Туунду коом юридикалык жак болуп саналат.

2. Туунду коом өзүнүн негизги коомунун (шериктештигинин) карыздары боюнча жооп бербейт.

Туунду коом менен келишим боюнча негизги коом (шериктештик) ага милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу, туунду коом мындай көрсөтмөлөрдү аткаруу үчүн аны менен чогуу бирдей жоопкерчиликте болот. Негизги коомдун (шериктештиктин) күнөөсү боюнча туунду коом банкрот (кудуретсиз) болгон учурда негизги коом (шериктештик) анын карыздары боюнча субсидиялык жоопкерчиликте болот.

3. Туунду коомдун катышуучулары (акционерлери) негизги коомдон (шериктештиктен) анын күнөөсү боюнча келтирилген чыгымдардын ордун толтурууну, эгерде мыйзам тарабынан башка белгиленбесе, талап кылууга укуктуу.

4. Туунду коомдордун жобосунун ушул статьяда каралбаган өзгөчөлүктөрү мыйзам тарабынан аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 65 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [149-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-149)  
Кийинки берене: [151-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-151)
