Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
148-статья. Акционердик коомду башкаруу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 5-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
1. Акционердик коомду башкаруунун жогорку органы анын акционерлеринин жалпы чогулушу болуп саналат.
Аларды чечүү акционерлердин жалпы чогулушунун компетенциясына гана тиешелүү маселелер Мыйзамда аныкталууга тийиш. Мыйзам тарабынан акционерлердин жалпы чогулушунун өзгөчө компетенциясына киргизилген маселелерди алар тарабынан коомдун аткаруучу органдарына чечүүгө өткөрүп берүү мүмкүн эмес.
2. Акционерлердин саны элүүдөн ашкан коомдо директорлордун кеңеши түзүлөт.
Мыйзамга ылайык коомдун уставы менен директорлордун кеңеши түзүлгөн учурда анын өзгөчө компетенциясы аныкталууга тийиш. Устав тарабынан директорлордун кеңешине тийиштүү маселелерди алар тарабынан коомдун аткаруучу органдарына чечүүгө өткөрүп берүү мүмкүн эмес.
3. Коомдун аткаруучу органы коллегиалдуу (башкарма, дирекция) же жекече (директор, башкы директор) болушу мүмкүн. Ал коомдун ишмердигине учурдагы жетекчиликти ишке ашырат жана директорлор кеңешине жана акционерлердин жалпы чогулушуна отчет берет.
Коомдун аткаруучу органынын компетенциясына коомдун мыйзамы же уставы тарабынан аныкталган коомду башкаруунун башка органдарынын өзгөчө компетенциясын түзбөгөн бардык маcелелерди чечүү кирет. Акционерлердин жалпы чогулушунун чечими боюнча коомдун аткаруучу органынын ыйгарым укуктары келишим боюнча башка коммерциялык уюмга же жекече ишкерге (башкаруучуга) өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
31. Коомдун финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү үчүн акционерлердин жалпы чогулушунда коомдун ички аудит кызматы (ички аудитор) шайланат.
Ички аудит кызматынын (ички аудитордун) компетенциясы мыйзамдар жана коомдун уставы менен аныкталат.
4. Акционердик коомду башкаруунун компетенциясы, ошондой эле алар тарабынан чечимдерди кабыл алуунун тартиби жана коомдун атынан чыгуу ушул Кодекске ылайык коомдун мыйзамы жана уставы менен аныкталат.
5. Ушул Кодекске же башка мыйзамга ылайык ушул Кодекстин 140-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди жалпыга маалымдоо үчүн жарыялоого милдеттүү болгон акционердик коом жылдык финансылык отчеттуулуктун тууралыгын текшерүү жана ырастоо үчүн коомдун же анын катышуучуларынын (тышкы аудит) мүлк таламдарына байланышпаган профессионалдык аудиторду жыл сайын тартууга тийиш.
Акционердик коомдун, анын ичинде көрсөтүлгөн документтерди жалпыга маалымдоо үчүн жарыялоого милдеттүү болбогон, ишмердигин аудиттик текшерүү алардын коомдун жайгаштырылган акцияларынын жалпы санындагы биргелешкен үлүшү он же андан көп процентти түзгөн акционерлердин талаптары боюнча каалаган убакта жүргүзүлүүгө тийиш. Акционердик коомдун ишмердигине аудиттик текшерүү жүргүзүүнүн тартиби коомдун мыйзамы жана уставы тарабынан аныкталат. (КР 1998-жылдын 2-декабрындагы № 8, 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131, 2003-жылдын 27-мартындагы № 65, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 марта 2014 года № 49 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 марта 2003 года №65 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 ноября 1999 года № 131 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
26.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…уюмга же жекече ишкерге (башкаруучуга) өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
алынып салынды: 3-1. кошулду: 31. Коомдун финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү үчүн акционерлердин жалпы чогулушунда коомдун алынып салынды: текшерүү комиссиясы (текшерүүчү) кошулду: ички аудит кызматы (ички аудитор) шайланат.
алынып салынды: Текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүнүн) кошулду: Ички аудит кызматынын (ички аудитордун) компетенциясы мыйзамдар жана коомдун уставы менен аныкталат.
4. … № 131, 2003-жылдын 27-мартындагы № 65, 2014-жылдын 14-мартындагы № алынып салынды: 49 кошулду: 49, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-148" title="148-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>