# 147-статья. Акционердик коомдун баалуу кагаздарын чыгарууга жана дивиденддерди төлөөгө чек коюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2025 [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127); 19.01.2009 [Закон КР от 19 января 2009 года № 7 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202699); 27.03.2003 [Закон КР от 27 марта 2003 года №65 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1189)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=32042..34299>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-147>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-147.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 147-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-147

---

1. Акционердик коом артыкчылыктуу акцияларды чыгарууга укуктуу. Жайгаштырылган артыкчылыктуу акциялардын саны коомдун бардык акцияларынын санынын 25 пайызынан ашпоого тийиш.

2. Акционердик коом Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте облигацияларды, камсыздалган облигацияларды жана эл аралык облигацияларды чыгарууга укуктуу.

3. Эгерде артыкчылыктуу акциялар боюнча дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алынбаса, акционердик коом жөнөкөй акциялар боюнча дивиденддерди төлөп берүү тууралу чечим кабыл алууга укуксуз.

Акционердик коомдордун айрым түрлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында дивиденддерди төлөп берүүгө башка чектөөлөр каралышы мүмкүн. (КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 65, 2009-жылдын 19-январындагы № 7, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [146-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-146)  
Кийинки берене: [148-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-148)
