# 145-статья. Акционердик коомдун жүгүртүлүүчү акцияларынын санынын көбөйүшү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 марта 2003 года №65 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1189)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263298..1263299>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 145-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-145

---

1. Акционерлердин жалпы чогулушунун чечими боюнча акционердик коом жүгүртүлүүчү акциялардын санын кошумча акцияларды чыгаруу же жайгаштырылган акцияларды бөлүштүрүү жолу менен көбөйтүүгө укуктуу.

2. Акционердик коомдун чыгаруунун жыйынтыктарын каттоого жана мурунку чыгарылган акцияларды жайгаштырганга чейин кошумча акцияларды чыгаруусуна жана жайгаштыруусуна жол берилбейт.

3. Акционердик коомдун уставы менен коом кошумча чыгаруучу акцияларды өздөрүнө тиешелүү акциялардын санына пропорциялуу санда сатып алууга акционерлерге артыкчылык укугу белгилениши мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 65 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [144-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-144)  
Кийинки берене: [146-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-146)
