# 144-статья. Акционердик коомдун уставдык капиталы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 марта 2003 года №65 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1189)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263298..1263299>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-144>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-144.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 144-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-144

---

1. Акционердик коомду уюштурууда уюмдаштыруучулардын салымдарынын

наркын уставдык капитал түзөт. Акционердик коомдун уставдык капиталы анын кредиторлорунун талам- дарын гарантиялоочу коомдун мүлкүнүн эң төмөнкү өлчөмүн аныктайт. Акционердик коомдун уставдык капиталы мыйзамда каралган өлчөмдөн аз болушу мүмкүн эмес.

2. Акционерди коомдун акцияларын төлөөдөн, анын ичинде талап коюунун зачетун эсептөө жолу менен бошотууга жол берилбейт.

3. Акционердик коомду уюштурууда анын бардык акциялары уюштуруу-

чулардын арасында бөлүштүрүлүүгө тийиш.

4. Эгерде экинчи жана андан кийинки каржылык жылдын аягында коом-

дун өздүк капиталы мыйзамда каралган уставдык капиталынын эң төмөнкү өлчөмүнөн төмөн болуп калса, коом жоюлууга тийиш. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 65 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [143-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-143)  
Кийинки берене: [145-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-145)
