# 143-статья. Акционердик коомду түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 258 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034403)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 258 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034403); 14.03.2014 [Закон КР от 14 марта 2014 года № 49 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205271); 27.03.2003 [Закон КР от 27 марта 2003 года №65 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1189)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=34798..40566>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-143>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-143.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 143-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-143

---

1. Акционердик коомду уюштуруучулар өз ара коомду түзүү боюнча биргелешкен ишмердикти ишке ашыруунун тартибин; коомдун уставдык капиталынын өлчөмүн; чыгарылуучу акциялардын категорияларын жана аларды жайгаштыруунун тартибин, ошондой эле мыйзамда каралган башка шарттарды аныктоочу келишимди түзүшөт.

Акционердик коомду түзүү жөнүндөгү келишим жазуу түрүндө түзүлөт.

2. Акционердик коомду уюштуруучулар коомду каттоого чейин пайда болгон милдеттенмелер боюнча болушат. Коом уюштуруучулардын аны түзүүгө байланышкан милдеттенмелери боюнча, алардын иш-аракеттери акционерлердин жалпы чогулушунун колдоосуна ээ болгон учурда гана жоопкерчиликте болот.

3. Акционердик коомду уюштуруунун документи болуп уюштуруучулар тарабынан бекитилген анын уставы саналат.

Акционердик коомдун уставы ушул Кодекстин 87-статьясынын 4-пунктунда каралган маалыматтар менен катар коом чыгарган акциялардын категориялары, алардын саны жөнүндөгү; акционерлердин укуктары жөнүндөгү; коомдун уставдык капиталынын өлчөмү жөнүндөгү; коомду башкаруунун курамы жана компетенциясы жана алардын чечимди кабыл алууларынын тартиби жөнүндөгү шарттарды камтууга тийиш. Ошондой эле акционердик коомдун уставында мыйзамда каралган башка маалыматтар да камтылууга тийиш.

4. Акционердик коомду түзүү боюнча башка иш-аракеттерди жүргүзүүнүн тартиби, анын ичинде уюштуруу чогулушун өткөрүүнүн тартиби жана анын компетенциясы мыйзам тарабынан аныкталат.

5. Акционердик коом бир жак же бир акционер коомдун бардык акцияларын сатып алган учурда бир жак тарабынан түзүлүшү мүмкүн. Бул жөнүндөгү маалыматтар коомдун уставында чагылдырылууга, катталууга жана жалпыга маалымдалуу үчүн жарыяланууга тийиш.

Уюштуруучусу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик же муниципалдык мекеме же ишкана, мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшүнө ээ башка юридикалык жак болгон учурларды кошпогондо, бир жактан турган коомдор жалгыз катышуучулары болуп саналган же милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келген учурда жалгыз катышуучулары болгон чарбалык коомдордун милдеттенмелери боюнча бирдей субсидиардык жоопкерчилик алат.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 65, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 258 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [142-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-142)  
Кийинки берене: [144-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-144)
