# 142-статья. Жабык акционердик коомдун акцияларына укуктардын өтүшү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 142-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-142

---

1. Жабык акционердик коомдун акционерлери бул коомдун башка акционерлери тарабынан сатылган акцияларды сатып алууда артыкчылык укугуна ээ болушат.

Эгерде билдирүү жарыялаган күндөн тартып беш күндүн ичинде же коомдун уставында каралган башка мөөнөттөрдө акционерлердин эч кимиси артыкчылык укугунан пайдаланбаса, акционердик коом бул акцияларды анын ээси менен макулдашылган баада сатып алууга укуктуу. Акционердик коом акцияларды сатып алуудан баш тарткан же алардын баасы жөнүндө макулдашууга жетишилбеген учурда акциялар каалаган үчүнчү жакка ээликтен ажыратылып берилиши мүмкүн.

2. Жабык акционердик коомдун акциялары күрөөгө коюлганда жана аларга кийин күрөө кармоочу тарабынан өндүрүп алуу колдонулганда тиешелүү түрдө ушул статьянын 1-пунктунун эрежелери колдонулат. Бирок күрөө кармоочу акцияларды үчүнчү жакка ээликтен ажыратып берүүнүн ордуна аларды өзүнө калтырууга укуктуу.

3. Эгерде коомдун уставында мындай өткөрүп берүү коомдун макулдугу менен гана жол бериле тургандыгы каралбаса жабык акционердик коомдун акциялары акционер болуп эсептелген граждандын мурастоочуларына же юридикалык жактын укуктук жолун жолдоочусуна өтөт. Мындай учурда акциялардын өтүшүнө макулдук берүүдөн баш тартылса, алар башка акционерлер тарабынан же ушул статьянын 1-пунктунун эрежелерине ылайык коомдун өзү тарабынан сатылып алынышы мүмкүн. Бирок мурастоочулар (укуктук жолун жолдоочулар) акциялар үчүнчү жакка ээликтен ажыратып берүүнүн ордуна аларды өзүндө калтырууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [141-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-141)  
Кийинки берене: [143-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-143)
