# 141-статья. Жабык акционердик коом

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 141-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-141

---

1. Акциялары анын уюштуруучуларынын же башка мурда аныкталган жактардын чөйрөсүнүн арасында гана таратылган акционердик коом жабык акционердик коом деп таанылат. Мындай коом өзү чыгарган акцияларга ачык жазылууну өткөрүүгө же башка жол менен жактардын чектелбеген чөйрөсүнө алардын сатып алышы үчүн сунуш кылууга укуксуз.

2. Жабык акционердик коомдун катышуучуларынын саны мыйзамда белгиленген сандан ашпоого тийиш. Тескерисинче болгон учурда ал бир жылдын ичинде ачык акционердик коомго кайра түзүлүүгө, ал эми бул мөөнөт өткөндөн кийин, эгерде акционерлердин саны белгиленген чекке чейин азайтылбаса, сот тартибинде жоюлууга тийиш.

3. Мыйзамда каралган учурларда жабык акционердик коом ушул Кодекстин 140-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди жалпыга маалымдоо үчүн жарыялоого милдеттүү болушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [140-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-140)  
Кийинки берене: [142-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-142)
