# 140-статья. Ачык акционердик коом

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 апреля 2012 года № 36 "О внесении изменения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203636)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.04.2012 [Закон КР от 13 апреля 2012 года № 36 "О внесении изменения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203636); 27.03.2003 [Закон КР от 27 марта 2003 года №65 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1189)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263322..1263323>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 140-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-140

---

1. Катышуучулары өздөрүнө таандык акцияларды башка акционерлердин макулдугусуз ээликтен ажырата алган акционердик коом ачык акционердик коом деп таанылат. Мындай акционердик коом өздөрү чыгарган акцияларга ачык жазылуу жүргүзүүгө жана аларды мыйзам тарабынан белгиленген шарттарда эркин сатууга укуктуу.

2. Акционерлеринин саны 500дөн ашкан, болбосо баалуу кагаздардын жок дегенде 1 чыгарылышын ачык жайгаштырган ачык коом ар жыл сайын акционерлердин жылдык жалпы чогулушунан кийин 2 айдын ичинде, бирок отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнунан кечиктирбестен, коомдун каржылык-чарбалык иши жөнүндө жылдык отчетту массалык маалымат каражаттарында жарыялап турууга милдеттүү.

(КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 65, 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 36 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [139-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-139)  
Кийинки берене: [141-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-141)
