# 14-статья. Зыяндардын ордун толтуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 14-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-14

---

1. Эгерде мыйзамда же мыйзамга ылайык келишимде башкача каралбаса, укугу бузулган адам өзүнө келтирилген зыяндардын ордун толтурууну талап кыла алат.

2. Төмөндөгүлөр:

укугу бузулган адам тарабынан бузулган укугун калыбына келтирүү үчүн тартылган же тартылууга тийиш болгон чыгымдар, анын жок болгон же зыянга учураган (айкын келтирилген зыян) мүлкү, ошондой эле; эгерде укугу бузулбаса, граждандык мамилелердин кадыресе шартында ушул адам тарабынан алынбай калган кирешелер (пайда көрбөй калуу) зыян тартуу катары түшүнүлөт. Эгерде укукту бузган адам ушунун натыйжасында киреше алса, укугу бузулган адам башка тарткан зыяндарды, алынбай калган пайдасы менен катар ушундай кирешелерден кем эмес өлчөмдө ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-15)
