# 138-статья. Кошумча жоопкерчиликтеги коомдор жөнүндөгү негизги жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-138>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-138.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 138-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-138

---

1. Кошумча жоопкерчиликтеги коом деп бир же бир нече жактар тарабынан түзүлгөн, уставдык капиталы уюштуруучу документтер менен аныкталган өлчөмдөгү үлүштөргө бөлүштүрүлгөн коом таанылат; мындай коомдун катышуучулары анын милдеттенмелери боюнча коомду уюштуруу документтери менен аныкталган, өздөрү салышкан салымдын наркына бардыгы үчүн эселенген өлчөмдө өзүнүн мүлкү менен субсидиялык жоопкерчиликти бардыгы тең тартышат. Катышуучулардын бири кудуретсиз (банкротчулук) болгондо коомдун милдеттенмелери боюнча анын жоопкерчилиги, эгерде коомду уюштуруунун документтеринде жоопкерчиликти бөлүштүрүүнүн башка тартиби каралбаса, калган башка катышуучулардын ортосунда алардын салымдарына жараша пропорционалдуу түрдө бөлүштүрүлөт.

2. Кошумча жоопкерчиликтеги коомдун фирмалык аталышы коомдун атын ошондой эле "кошумча жоопкерчиликтеги" деген сөздөрдү камтууга тийиш.

3. Кошумча жоопкерчиликтеги коомго ушул Кодекстин ушул статьясында башка каралбагандыктан, жоопкерчилиги чектелген коом жөнүндөгү эрежелер колдонулат.

6. Акционердик коом

---

Мурунку берене: [137-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-137)  
Кийинки берене: [139-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-139)
