# 135-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү катышуучунун үлүшүнө өндүрүп алуунун кайрылышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-135>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-135.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 135-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-135

---

1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү катышуучунун үлүшүнө анын өздүк карыздары боюнча өндүрүп алуунун кайрылышына ошол катышуучунун өзүнүн карыздарын жабууга башка мүлкү жетишпеген учурда гана жол берилет. Мындай катышуучунун кредиторлору жоопкерчилиги чектелген коомдон карызкордун уставдык капиталдагы тийиштүү карызына ылайык коомдун мүлк наркынын бөлүгүн төлөп берүүнү, же мүлктүн бир бөлүгүн ага өндүрүп берүү максатында мүлктүн ошол бөлүгүн экинчи талап кылууга укуктуу. Коомдун мүлкүнүн энчиге кетүүчү бөлүгү же анын наркы кредиторлор тарабынан талаптын коюлушунун учурунда түзүлгөн баланс боюнча аныкталат.

2. Жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү катышуучунун үлүшүнүн бардыгына өндүрүп алуунун кайрылышы анын коомго катышуусун токтотот.

---

Мурунку берене: [134-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-134)  
Кийинки берене: [136-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-136)
