# 130-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 марта 2009 года № 105 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202506)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263314..1263315>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-130>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-130.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 130-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-130

---

1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталы анын катышуучуларынын салымдарынын наркынан түзүлөт.

Уставдык капитал кредиторлорунун кызыкчылыктарын кепилдикке алган коомдун мүлкүнүн өлчөмүн аныктайт. Коомдун уставдык капиталынын өлчөмү катышуучулар тарабынан анын уюштуруу документтеринде аныкталат.

2. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусун коомдун уставдык капиталына салым кошуу милдетинен, анын ичинде коомго карата талаптарын эсепке алуу аркылуу бошотууга жол берилбейт.

3. Катышуучулар тарабынан уюштуруу документтеринде аныкталган уставдык капиталдын өлчөмү мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып коомдун ишмердүүлүгүнүн биринчи жылы ичинде анын катышуучуларына толук көлөмүндө төлөнүп берилет. Ушул милдет бузулган учурда коом өзүнүн капиталынын азайгандыгын белгиленген тартипте каттатышы же өзүнүн ишин жоюу жолу менен токтотушу керек.

4. Эгерде экинчи же андан кийинки ар бир финансылык жыл аяктаганда жоопкерчилиги чектелген коомдун накта активдеринин наркы уставдык капиталдан аз болсо, коом өзүнүн уставдык капиталынын азайышы жөнүндө жарыялоого жана белгиленген тартипте анын азайышын каттоодон өткөрүүгө милдеттүү. Эгерде коомдун көрсөтүлгөн активдеринин баасы катышуучулар тарабынын уюштуруу документтеринде аныкталган уставдык капиталдын өлчөмүнөн аз болсо, коом жоюлууга тийиш.

5. Жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталын азайтууга анын бардык кредиторлоруна билдирилгенден кийин жол берилет. Алар мындай учурда коомдун тиешелүү милдеттенмелерин мөөнөтүнөн мурда токтотууну же аткарууну жана алардын тарткан зыяндарынын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

6. Коомдун уставдык капиталын көбөйтүүгө анын бардык катышуучуларынын салымдары толук көлөмдө төгүлгөндөн кийин жол берилет.

7. Коомдун бардык катышуучуларынын үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен кабыл алынган жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун чечими коомдун уставдык капиталындагы алардын үлүштөрүнө ылайык кошумча салымдарды кошууга аларды милдеттендириши мүмкүн.

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [129-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-129)  
Кийинки берене: [131-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-131)
