# 129-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу документтери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 129-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-129

---

1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу документтери болуп анын бардык катышуучулары кол койгон уюштуруу келишими, жана алар бекиткен устав эсептелет. Эгерде коом бир жак тарабынан түзүлсө, анда анын уставы уюштуруу документи болуп эсептелет.

2. Жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу документтери ушул Кодекстин 87-статьясынын 4-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары, ар бир катышуучунун үлүшүнүн өлчөмүнүн шарттары; алардын салымдарынын өлчөмү, курамы жана аны кошуунун мөөнөтү жана тартиби, салым кошуу боюнча милдеттенмелеринин бузулгандыгы үчүн алардын жоопкерчилиги; коомдун капиталдык уставынын өлчөмү, коомду башкаруу органдарынын курамы жана компетенциясы жана алардын чечим кабыл алышынын, анын ичинде чечим бир добуштан же добуштардын квалификациялуу көпчүлүгү менен кабыл алынуучу маселелер боюнча чечим кабыл алышынын тартиби тууралу маалыматтарды, ошондой эле мыйзамда белгиленген башка маалыматтарды камтууга тийиш.

---

Мурунку берене: [128-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-128)  
Кийинки берене: [130-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-130)
