# 126-5-статья. Венчурдук фонддун коммандиттик шериктештигин жоюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-126-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 126-5-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-126-5

---

Венчурдук фонддун коммандиттик шериктештиги шериктештиктин уюштуруу документтерине ылайык шериктештиктин иштөө мөөнөтү аяктаганда жоюлат. Эгерде жок дегенде бир толук шериктеш жана бир салым кошуучу калса, венчурдук фонддун коммандиттик шериктештиги сакталып калат. Венчурдук фонддун коммандиттик шериктештиги жоюлганда, анын ичинде банкрот (кудуретсиз) болгон учурда салым кошуучулар анын кредиторлорунун талаптары канааттандырылгандан кийин калган шериктештиктин мүлкүнөн салымдарды алууга толук шериктештерге караганда артыкчылыктуу укукка ээ. Шериктештиктин андан кийин калган мүлкү толук шериктештердин жана салым кошуучулардын ортосунда уюштуруу келишимине, же толук шериктештер менен салым кошуучулардын ортосунда түзүлгөн башка макулдашууга ылайык бөлүштүрүлөт. (КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4. Жоопкерчилиги чектелген коом

---

Мурунку берене: [126-4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-126-4)  
Кийинки берене: [127-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-127)
