# 126-3-статья. Коммандиттик шериктештикте башкаруу жана анын ишин алып баруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-126-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 126-3-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-126-3

---

1. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигинин ишмердүүлүгүн башкаруу толук шериктештер тарабынан жүзөгө ашырылат. Мындай шериктештикти башкаруунун жана ишин алып баруунун тартиби анын толук шериктештери тарабынан венчурдук фонддордун шериктештигинин уюштуруу документтерине ылайык белгиленет.

2. Коммандиттик шериктештер венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигинин иштерин башкарууга катышууга жана шериктештиктин иштерин башкаруу боюнча толук шериктердин аракеттерин талашууга укуксуз. Алар анын атынан ишеним каттын негизинде гана чыга алышат.

3. Толук шериктештер өз ишин коммандиттик шериктердин кызыкчылыгында жана венчурдук фонддордун шериктештигин түзүү максаттарында жүзөгө ашырууга милдеттенет.

(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [126-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-126-2)  
Кийинки берене: [126-4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-126-4)
