# 126-2-статья. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигинин уюштуруу келишими

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-126-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 126-2-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-126-2

---

1. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештиги уюштуруу келишиминин негизинде түзүлөт жана иштейт, ал шериктештиктин уставынын функциясын да аткарат. Уюштуруу келишимине бардык толук шериктештер кол коет.

2. Коммандиттик шериктештиктин уюштуруу келишими ушул Кодекстин 87-статьясынын 4-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары шериктештиктин уставдык капиталынын өлчөмү жана курамы жөнүндө; уставдык фонддогу толук шериктештердин ар биринин үлүшүнүн өлчөмү жана өзгөртүү тартиби жөнүндө; алардын салымынын өлчөмү, курамы жана аны кошуунун мөөнөтү жана тартиби жөнүндө, салымдарды кошуу боюнча милдеттерди бузгандыгы үчүн алардын жоопкерчилиги; коммандиттик шериктештердин салымдарынын жыйынды өлчөмү жөнүндө шарттарды камтууга тийиш.

(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [126-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-126-1)  
Кийинки берене: [126-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-126-3)
