# 126-1-статья. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-126-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 126-1-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-126-1

---

1. Венчурдук фонд венчурдук фонддун коммандиттик шериктештиги формасында түзүлүшү мүмкүн. Венчурдук фондордун коммандиттик шериктештигинин фирмалык аталышы шериктештиктин аталышын же болбосо бир толук шериктештин атын (аталышын) жана "венчурдук фонд" деген сөздөрдү камтууга тийиш.

2. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигине карата ушул Кодекстин толук шериктештик жөнүндөгү эрежелери колдонулбайт.

3. Жак венчурдук фонддордун бир нече коммандиттик шериктештигинде толук шериктеш боло алат.

4. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигиндеги толук шериктеш толук шериктештиктин катышуучусу боло албайт.

(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [126-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-126)  
Кийинки берене: [126-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-126-2)
