# 124-статья. Коммандиттик шериктештиктеги башкаруу жана анын ишин алып баруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 124-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-124

---

1. Коммандиттик шериктештиктин ишмердигин толук шериктештер башкарат. Мындай шериктештикти анын толук шериктештери башкаруусунун жана ишин алып баруусунун тартиби алар тарабынан толук шериктештиктер жөнүндөгү эрежелер боюнча белгиленет.

2. Коммандиттисттердин коммандиттик шериктештиктердин ишмердигин башкарууга катышууга жана шериктештикти башкаруу боюнча толук шериктештердин аракеттери боюнча талашууга укугу жок. Алар шериктештиктин атынан анын ишеним каты менен гана чыга алышат.

---

Мурунку берене: [123-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-123)  
Кийинки берене: [125-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-125)
