# 123-статья. Коммандиттик шериктештиктин уюштуруу келишими

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 123-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-123

---

1. Коммандиттик шериктештик, ошондой эле шериктештиктин уставынын да милдетин аткаруучу уюштуруу келишиминин негизинде түзүлөт жана иштейт. Уюштуруу келишимине бардык толук шериктештер кол коет.

2. Коммандиттик шериктештиктин уюштуруу келишими ушул Кодекстин 87-статьясынын 4-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары шериктештиктин уставдык капиталынын өлчөмү жана курамы жөнүндөгү шарттар; уставдык фонддогу ар бир толук шериктештин үлүшүнүн өлчөмү жана аны өзгөртүү тартиби; алардын салымынын өлчөмү, курамы жана аны кошуунун мөөнөтү жана тартиби; салымдарды кошуудагы өз милдеттерин бузгандагы алардын жоопкерчилиги; коммандитисттердин салымдарынын жыйынтык өлчөмү тууралу маалыматтарды камтууга тийиш.

---

Мурунку берене: [122-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-122)  
Кийинки берене: [124-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-124)
